www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн кармалуусуна комментарий берди.
Анын айтымында, Бөлтүрүктүн кылмыш ишине айыптуулугун жана катыштыгын сот аныктайт.
«Азыркы учурда «Кумтөр» иши боюнча компетенттүү органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлдү. Ишкана штаттык режимде иштеп жатат. Алтын кенинин иши менен таанышууну каалагандардын баары бизге кайрыла алышат. Биз баарын көрсөтүүгө даярбыз», - деди ал.
Эске салсак, кечээ, 13-сентябрда Башкы прокуратура «Кумтөр голд компани» компаниясынын мурдагы жетекчиси Теңиз Бөлтүрүктү кармаган.
Бөлтүрүк менен кошо компаниянын жабдуу боюнча адиси Ж.А.Ф. жана каржы башкармалыгынын директору Т. Р. Кармалган.
Булак: NazarNews.kg