www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кумарканаларды ачууну колдоп, андан бюджетке жылына 2 миллиард сомдой түшөрүн болжоду. Ал мындай кадамга бийлик туризмди өнүктүрүү максатында барып жатканын белгиледи.
"Туризмди өнүктүргүлө" дедиңер, өнүктүрүп жатабыз. Биз 2001-жылы кумарканаларга уруксат бергенде бир жылда 630 миллион сом түшкөн. Азыр мындан эки-үч, балким, төрт эсе көп түшөбү деп ойлоп жатабыз. Кумарканада кыргызстандыктар ойнобойт. Эгер бирөө кирип ойной турган болсо, ага жол берген компаниянын лицензиясы алынып, Кыргызстандан чыгарылат. Биздин жарандар, өзгөчө балдар азгырылбасын деп катуу бөгөт коёбуз", — деди Жапаров.
Ошондой эле, ал ислам өлкөсү болуп саналган Малайзияда дагы кумарканалар бар экенин мисал келтирди. "Конок чакырып, алардын көңүлүн алып анан кайра кетириш керек. Туризм деген ошол да. Кыргызстанга келип 10 күн көзү ачылбай ичип шайтанга жетеленип кайра кете бергенден көрө ойносун, эс алсын. Биз ошолордун баарына шарт түзүп берели", — деди өкмөт башчы.
Белгилей кетсек, Экономика жана коммерция министрлиги өлкөдө кумарканаларды ачууга уруксат берүүнү демилгелеп, коомдук талкууга чыгарган.
Былтыр дагы Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары Бактыбек Турусбеков менен Дастан Жумабеков Ысык-Көлгө казино ачуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Мамлекет башчы Садыр Жапаров дагы бул идеяны колдой турганын билдирген. Бирок каршы чыккандар дагы болуп, талаш жаралган. Аталган демилге ЖКда биринчи окуудан өтүп, кийин ошол бойдон каралган эмес.
Булак: NazarNews.kg