www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө чектөөнү алып салууга караманча каршымын. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйында билдирди.

"Кыргызстандагы 1 миллион 150 миң автоунаанын ичинен заводдон чыкканына беш жыл болгон машиналардын саны болгону 5800 экен. Өлкөдө жаңы унаа жок дегенди түшүндүрөт да. 15 жыл жана андан мурун чыгарылган унаалар 1,1 миллион экен. Биз жалаң эски техниканы гана чогултуптурбуз. Эгер оң рулдууларга уруксат бере турган болсок, Казакстан, Россия, Беларустагы эски унаалардын баары бизге толуп калат", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал учурда өлкөдөгү унааларды электромобилдерге алмаштыруу багытында иштеп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова оң рулдуу унааларды Кыргызстанда каттоого коюлган чекти алып салууну сунуштаган. Анда ал чектөөнүн айынан өлкөдө автопарк эскиргенин жүйө келтирген.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев эгер ЖКККББ каршы болбосо, бийлик бул маселени кароого даяр экенин белгилеген. Бирок Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчиси Азамат Исраилов коопсуздук максатында ЖКККББ бул демилгеге каршы экенин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости