www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан конок үйлөрүнүн, эс алуу пансионаттарынын ээлери менен жолугушуп, туризм мезгилине даярдыктар, көйгөйлөр жана өлкө башчысынын жарлыктарынын аткарылышы талкууланды.

Жыйында негизинен Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ысык-Көл облусунун тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” жана “Ысык-Көл экологиясын сактоо боюнча кечириктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыктарын ишке ашыруу максатында сөз болду.

Маалыматка караганда көл жээгинде 211 ири жана 600 кичи эс алуу жайлары орун алган. Алардын көпчүлүгүндө нансостук станция жана тазалоочу курулмалар иштейт. Экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл минитрлиги тарабынан Тамчы айылында жайгашкан 200дөн ашык конок үйлөрүнө саркынды сууну тазалаган жай куруу зарылдыгы белгиленди.

Эс алуу жайларынын ээлери жергиликтүү тургундардын пляж аймагына кирүү укугун камсыздоо боюнча өлкө башчысынын жарлыгын аткарууга даярдыгын айтышып, бирок айрым жагдайлар боюнча иш-аракеттерди карап чыгуу маселесин көтөрүштү. Мисалы, эс алуу жайларындагы тосмолор алынган соң андагы эс алуучулардын коопсуздугу, пляждардагы тазалык жана жеке менчик мүлктөрдү сактоо жоопкерчилиги.

Туризм тармагында ишкердүүлүк жүргүзгөн жеке ишкерлердин, пансионат жетекчилеринин сунуштарын уккан Министрлер кабинетинин төрагасы аткаруу механизмдерин алар менен биргеликте иштеп чыгууну билдирди.

“Биз сиздердин ишкердүүлүгүнүздөргө тоскоолдук жаратуунун эмес, жакшыртуунун үстүндө иштеп жатабыз. Анткени Кыргызстандын бир гана байлыгы бул туризм тармагы. Бул багытта Ысык-Көл аймагында 2 аэропорт реконструкциялап, күнү-түнү иштетүүгө аракеттер болууда. Бишкек-Балыкчы темир жолунун 24 км аймагы ондолуп, жүргүнчү ташуучу вагондорду жаңылоо ишке ашып жатат. Эми Балыкчыга жол 1,2 саатка кыскарып, көлгө поезд менен келүүчү эс алуучуларга шарттар түзүлүүдө. Быйыл көл жээгине 10 км вело жана жөө адамдар басуу жол курулат. Келечекте көл жээктерин ушундай жолго айлантуу планыбызда бар”- деп белгиледи Жапаров.

Каракол шаарын өнүктүрүү планы кабыл алынып, республикалык бюджеттен 850 млн сом бөлүнүп жатканын айтты. Алдыда башка шаарлардын да өнүктүрүү программасы ишке ашырыла баштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости