www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Жапаровдун ден соолук абалы айтылды

Бүгүн, 28-апрелде, эртең менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылды. Ал жүрөгү ооруп, кан басымы төмөн болуп кеткенин билдирген.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «АКИpress» агенттигине Жапаровдун абалы тууралуу маалымат берди. Бейшеналиевдин айтымында, алгач инфаркт болду деген шек жаралган.

Андан соң инфаркт алдындагы абал, жүрөк кан тамырларынын ичкериши деген диагноз коюлган. «Текшерүүдөн өткөрдүк. ЭКГ менен ЭхоКГ процедуралары жыйынтык берген жок. Коронарография жүрөк кан тамырларынын ичкергенин көрсөттү, бирок инфаркт болгон жок.

Абалы канааттандыраарлык, жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Абалы жакшырса, дароо атайын ооруканага которобуз. Узак убакыт учак менен учуп, чарчаган болушу мүмкүн», - деди Бейшеналиев.

Акылбек Жапаров 20-апрелде Вашингтон шаарына жумуш сапары менен барган. АКШда 1 жумадай жүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости