www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Акылман” Президенттик лицейи 2026-2027-окуу жылына карата, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 6-классында же 7-классында окуп жаткан өзгөчө зээндүү окуучулардын арасында конкурстук тандоону жарыялайт! Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Ошондой эле, 2026-2027-окуу жылдарына карата “Акылман” Президенттик лицейинин филиалдары Манас жана Талас шаарларында да ачыла тургандыгы белгилүү болду.
2026-2027-окуу жылдарына карата “Акылман” Президенттик лицейинин Чолпон-Ата, Манас жана Талас шаарларындагы филиалдарына 6-класстар 7-класска бир учурда тандалып алынат. Ал эми 7-класстар 8-класска “Акылман” Президенттик лицейинин Манас жана Талас шаарларындагы филиалдары үчүн гана тандалып алынат.
Кабыл алуу 3 турдан турган конкурстук тандоонун негизинде жүргүзүлөт:
1-2-тур – бул онлайн тестирлөө форматында жана алар synak.akylman.edu.kg сайты аркылуу тапшырылат.
Ал эми, 3-тур – бул офлайн тестирлөө жана ал ар бир облустун борбор шаарында жеринен өткөрүлөт.