www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы чек ара качан такталып бүтөт?

Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда  Кытай, Казакстан жана Өзбекстан менен чек ара такталып бүткөн. Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 18 чакырымдайы такталганы кабарланды. Ага чейин 13 жана 43 чакырым такталганы айтылган. Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк жумушчу топторунун соңку жолугушуусу Тажикстандын Согд облусунун Бустон шаарында өттү. Кыргыз тарап тараткан расмий маалыматка караганда, топографиялык жана укуктук маселелер боюнча топтор кезигип, мамлекеттик чек аранын 17,98 чакырымы боюнча макулдашылганы кабарланды.

Эки өлкөнүн, Кыргызстан менен Тажикстандын башчыларынын тапшырмасынын негизинде жаңы жылга чейин бардык чек арадагы маселелер чечилди деп маалымат берүүнүн үстүндө иштеп жатышат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости