www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкармалыктын кызматкерлери мектептерге барып окуучуларга, мугалимдерге жана ата-энелерге түшүндүрүү ишерин жүргүзүшүүдө.

 Акыркы коңгуроо учурунда коопсуздук күчөтүлүп, шаарларга кирип чыгуучу жолдого атайын күзөт посттору коюлат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ведомство кызматкерлери мектептерге бөлүнүп, коопсуздукту камсыздашат.

"Бүтүрүүчүлөр эч кандай айдоого укугу жок болуп, атайын кымбат баалу унааларды жалдашып, ата-энелеринин коштоосу жок жаратылышка, эс алуу жайларына, түнкү клубдарга барып, мас болуп ар кандай укук бузууларга жол бербөө үчүн ЖКККББнын кызматкерлери азыртадан түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле он жылдык, жыйырма жылдыктар тарабынан болчу жол кырсыктарынын алдын алуу максатында өлкө аймагындагы шаарларга кирип чыгуучу жолдорго атайын күзөт посттору коюлуп, унаалар текшерилери кошумчаланды.

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости