www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы саясий процесстер далайдын жүзүн ачты

Акыркы эки жумадагы Кыргызстанда орун алган саясий добуул далайлардын жүзүн ачты. Калп айткан менен болобу, соңку саясий процесстер кимдин-ким экенин ачыктагандай болду. 

Чынында, ким президенттин ишенимин актап, мамлекетке ак ниеттен кызмат кылып жатканы, кимдин котур ташы койнунда жүргөнү даана билинди. Хамелеондой кубулгандардын чыныгы түсү, өңү кандай болоору ачыкка чыкты. 

Ушундай шартта ишенимдүү, туруктуу кадрлар көзгө урунат экен. Мындайлар чанда. Анын бири Президенттин Иш башкарамасынын башчысы Каныбек Туманбаев экенин айтуууга болот. Учурда Жапаровдун бирден-бир ишенимдүү адамы катары коомдун көңүл борборунда турат. 

Сөз чынынан бузулбайт дегендей, ырасын айтканда азыркы учурдагы бирден-бир президентке тирек болуп, өзүнүн иш билги жөндөмү, менеджерлиги аркылуу көйгөйлүү болгон бир топ социалдык, экономикалык иштерди жан үрөп бүтүрүп, чаалыктым дебей иштеп жатат. Андыктан президент ишеним арткандай бар.

Последние новости