www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыры иштин көзүн билген кесипкөйлөрдүн кезеги келип калды окшойт. Кыргыз жан дүйнөсү орун алган, эчендеген улуу мурас сакталган жана элди руханий жактан алга сүрөп турган мекеменин ээси келди.
Тиллебаев Болотбек Кочкорович 1972-жылдын 7-февралында Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылында төрөлгөн.
1994-2000-жылдары Бишкектеги “Дастан” технологиялык университетинин “Телекоммуникация жана радио уктуруу боюнча менеджмент” адистигин аяктап, 2005- жана 2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу академиясынын “менеджмент” адистиги боюнча магистр даражасына ээ болгон.
Болотбек Тиллебаев 1992-1993-жылдары Жалал-Абад областтык телерадиокомпаниясынын алгачкы күндөрүнөн баштап оператор, видео-инженер, монтажёр жана режиссёр болуп иштөө менен турмуш сапарын баштаган жана областтык телерадиокомпаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири.
1994-жылдан баштап 1997-жылга чейин КТРКда оператор, монтажёр жана видео-инженер болуп иштеп, анын техникалык кызматтарында өзүн алдыңкы адис катары көрсөтө алган. Ошол эле учурда техникалык адистикте иштеп туруп, Улуттук биринчи канал аркылуу 1994-жылдан 2004-жылга чейин телевидениеде өзүнүн автордук-музыкалык “Теледискотека” программасын эфирге алып чыгып, жаштардын сүйүүсүнө ээ болгон көрсөтүүнү даярдап келген. Анын бул эмгеги 2000-жылы КРнын премьер-министринин “Жаштар сыйлыгынын лауреаты” деген сыйлыгын жеңип алып, ошол жылдары КТРКда “Телекоммуникация жана радио уктуруу тармагынын менеджери” кесибинин мыкты ээси катары таанылган.
2000-жылдары кыргыз телевидениесинде өзгөчө даңазалуу болгон “Замана”, “Кыргыз көчү”, “Теледискотека”, “Кутман күнүң менен Кыргызстан”, “Адилет” укук каналдарынын долбоорлору Болотбек Тиллебаевдин телевидениедеги менеджерлик колдоосу менен эфирге чыгып келген. Ал 2003-жылга чейин КТРдин ТВ студиясынын режиссёру болсо, андан кийин ошол эле студиянын продюсери, директору болуп иштейт. Анын жетекчилиги менен ошол мезгилде кыргыз телевидениесинин программаларды долбоорлоо редакциясы аркылуу натыйжалуу жана мазмундуу эфирлер даярдалып келген. 2011-жылдан 2016-жылга чейин КТРКнын телевидение боюнча программалар дирекциясынын директору болуп үзүрлүү кызмат кылган. Бул жылдарда бир нече ирет Улуттук биринчи каналдын мыкты продюсери жана мыкты теледолбоорлордун жеңичүүсү боло алган. “Мамлекеттик телеканалдын мыктысы” наамына ээ болгон.
Болотбек Тиллебаев Улуттук биринчи каналды техникалык жактан модериназациялоо максатында 2022-жылдан баштап башкы директордун орун басары катары эмгектенип жаткан. Азыркыдай жаңыланууну элибиз талап кылып турганда жаңы келген башкы директордун иши алга жүрүп, эл алдында жүзү жарык болсун ылайым.
Булак: NazarNews.kg