www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын 16-майында өткөн Юстминдин тарабынан уюштурулган "Акысыз укуктук жардам" акциясынын биринчи күнүнүн жыйынтыгы боюнча МКЮЖ БКнын адвокаттары жана мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн адистери Тамга жана Барскоон айыл аймактарынын калктуу конуштарынын тургундарына укуктук консультацияларды беришти. Жалпысынан биринчи күнү 57 адамга консультация берилди. Жарандар жарандык, үй-бүлөлүк, эмгек, жер, салык укугу, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу, калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо маселелери боюнча консультацияларды алышты.
Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү калкта укук жөнүндө позитивдүү көз карашты калыптандырууга, ошондой эле укукту ишке ашыруу көндүмдөрүнө ээ болууга мүмкүнчүлүк берет, бул өз кезегинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.

Акция USAID "Жигердуу жарандар" долбоорунун колдоосу менен өтүп жатат.

Эскерте кетсек, акция 2022-жылдын 16-майынан 3-июнуна чейин уланат. Акциянын алкагында, юстиция министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун 30 айылынын тургундарына юридикалык жардам көрсөтүшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости