www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Карашев Бажыда коррупция жок экенин билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Акыл Кемеловдун суроосуна жооп берип жатып айтты.
“Мамлекеттик бажы кызматында коррупция жок. Бирок адамдык факторду четке кагууга болбойт. Адамдык фактор бүт эле жерде, бүт эле органда бар”.
Депутат Акыл Кемелов буга чейинки бийлик да Мамлекеттик бажы кызматында жемкорлук тууралуу факты жок экенин билдиргени менен Бажынын мурдагы кызматкерлери азыр күнөөсүн мойнуна алып, бюджетке акча төлөп берип жатканын эске салды.
Депутат Акыл Кемелов анчалык болду Бажыга көчүп барып, баарын кайтарып олтурса жакшы болот беле? Ансыз деле Бажыдан кирген товар Казакстанга өтүп, “Хоргоско” орун-очок алып алганы качан... Жаман кепичин кийип алып бир “Дордой” базарын айланып келсе жакшы болот беле? Ушундай көк мээлерден арылмайын мамлекет оңолбой калды...Мамлекеттин саясаты “грушаны” кайра-кайра соксо тура бергидей спорт зал эмес да...
Ай, бокмурундар... VI-чакырылыштын эл өкүлдөрү аман эле болгула!
Булак: NazarNews.kg