www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Жапаров БАЭнин вице-премьер-министрине жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын вице-премьер-министри, Дубай башкаруучусунун орун басары, финансы министри, шейх Мактум бин Мохаммед бин Рашид Аль Мактум менен жолукту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасы БАЭ менен достук мамилелелерди өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.

Ал шейхти Бириккен Араб Эмираттарынын негизделгендигинин 50 жылдыгы менен куттуктады.

Өз кезегинде Мактум бин Мохаммед бин Рашид Аль Мактум соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, инвестициялык, туризм, айыл чарба тармактарындагы кызматташтыктын маселелери талкууланды.

«Биз эмираттык ишкерлерди жана инвесторлорду инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууга чакырабыз жана алардын ишмердүүлүгү үчүн бардык шарттарды түзүүгө даярбыз», - деди Акылбек Жапаров.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жана Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтү ортосунда институционалдык өнүктүрүү жана потенциалды жогорулатуу жаатындагы өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюлгандыгын канааттануу менен белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости