www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Жапаров банк жетекчилери менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт. Жолугушуунун негизги максаты - накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатуу болгон. Жапаров экономиканы көмүскөдөн алып чыгуу үчүн ачык-айкындуулук керек экендигине токтолгону айтылат.

"Эң алдыңкы технологиялар ар дайым банктарда болгон. Биз накталай эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатууну стимулдаштыруу иши министрлер кабинетинин карамагында болуусун каалайт элек. Алсак, Казакстанда салыктарды чогултуу банктардын биринин телефондогу тиркемесине жараша жогорулаган. Анда адамдар базардагы азык-түлүктөр үчүн да ал тиркеме аркылуу эсептеше баштады. Банктар жаңы технологияларды киргизүүдө жардам берет деп ишенем. Министрлер кабинетинин алдыга койгон милдеттерине толугу менен жетүүгө болот", — деген Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы банктардын сунушун эске алуу менен накталай эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатуу боюнча чаралар кабыл алынаарын убадалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости