www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын жана Дүйнөлүк банктын кызматташуусу жана өз ара аракеттенишүүсү боюнча актуалдуу маселелердин чөйрөсүн талкуулады. Атап айтканда, энергетикалык тармактагы реформаларды жүргүзүү, энергиянын жаңырып туруучу булактарын пайдаланууну кеңейтүү, күн энергиясын өнүктүрүү боюнча долбоорду иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамды өркүндөтүү боюнча пикир алмашуу болду, деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости