www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан «Европа биримдиги жана Борбор Азия» биринчи экономикалык форумунун алкагында Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин менен жолукту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Акылбек Жапаров эки өлкөнүн президенттери мамлекеттердин ортосундагы сооданын деңгээлин 1 миллиард долларга жеткирүү милдетин коюшкандыгын белгиледи.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы соода жүгүртүүнүн ырааттуу өсүүсү, инвестиция тартууда оң тенденция, эки тараптуу байланыштын активдештирилиши байкалды. Бирок ошого карабастан, өз ара соодада болгон потенциал ишке аша элек.

«Кыргыз Республикасы Казакстан Республикасынан инвестиция тартууга кызыкдар», - деди Акылбек Жапаров.

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, агрардык жана энергетикалык тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тактап айтканда, тараптар Казакстан Республикасынан электр энергиясын жеткирүү жана анын аймагы аркылуу электр энергиясын транзиттөө маселелерин талкуулашты. Бул маселелерди иштеп чыгуу боюнча тиешелүү министрликтердин жетекчилерине тапшырмалар берилди.

Жолугушуунун алкагында Ысык-Көлдө казакстандык пансионаттардын иштеши боюнча да маселелер каралды.

Мындан тышкары, коронавирус инфекциясына каршы вакцина алган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Казакстан Республикасынын жер үстүндөгү өткөрүү пункттарын ачуу маселелери талкууланды. Бул маселелерди эки республиканын тармактык министрликтери карап чыгышат.

Казакстан Республикасынын премьер-министри Министрлер кабинетинин башчысын Астана шаарында ноябрь айында өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости