www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кумтөр кенинин ишмердүүлүгүн текшерген комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештен комиссиянын жумушун 2021-жылдын күз мезгилине чейин узартууну өтүндү.
«Көп ишти биз эми гана баштадык. Ошондуктан төрага, депутаттардан комиссиянын жумушун 2021-жылдын күз мезгилине, жаңы парламент келгенге чейин узартууну суранабыз. Себеби өкмөткө бардык каржы санкцияларын, салык боюнча бузууларды төлөтүп алууга жардам беришибиз керек.
Мындан сырткары, арбитраждык процесстер башталып жатат. Бардык кагаздарды даярдап койдук. Биздин юристтер арбитраждык териштирүү иштерине элдин өкүлү катары парламенттин катышуусун сунуштап жатат», - деди Жапаров.
16-майда Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык «Центерра Голд» компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыяланды.
Эске салсак, 12-майда Акылбек Жапаров «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын» билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.
Булак: NazarNewsa.kg