www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кумтөргө тышкы башкаруу үч жылга киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров билдирди.
«Эгерде дүйшөмбү күнү парламент чечимди кабыл алып, өкмөткө сунуштаса, үч жылдык мөөнөткө убактылуу башкаруу киргизилиши мүмкүн. Бүгүн президент Садыр Жапаров кол койгон өзгөртүүлөр жана толуктоолор убактылуу башкарууну ким жана качан киргизе алат деген процедураларга жана ыйгарым укуктарга тиешелүү.
Бул мыйзамда министрлер кабинетинин башчысы жасай алары айтылган. Ошондой эле, мыйзамда зарыл учурда убактылуу ким жетекчи боло тургандыгы жана критерийлери көрсөтүлгөн», - деди мамлекеттик комиссиянын жетекчиси.
Анын айтымында, убактылуу башкарууну киргизүүнүн өзү «Жер казынасы жөнүндө» жана «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамдарда каралган.
Ошондой эле Жапаров комиссия кендин кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян туудурган фактыларды аныктаганын билдирди.
«Техникалык коопсуздук менен тоо иштеринин технологиясы сакталбагандыгынын кесепетинен 19 киши көз жумду. 66 адам ар кандай жаракат алды, анын 47синин ден соолугуна олуттуу кесепеттер жаралды. Экология маселеси да бар. 2013-жылдагы мамлекеттик комиссиянын жана 2012-жылдан берки парламенттин жана өкмөттүн таштандыны мөңгүгө төкпөш керек деген токтомуна карабастан мыйзам бузуулар уланууда. Буга тыюу салынган», - деген ал.
«Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн текшерүүдөн чыккан чуу
7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» компаниясын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.
Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. Анда алар 2009-жылкы келишимдин бузулуп жатканын айтып чыгышкан.
11-май күнү компаниянын президенти Деон Баденхорст, финансы боюнча директору Саймон Тан жана Жеткирүү системасы боюнча башкармалыктын директору Арипин Буман кенде болгон эки кырсык боюнча күбө катары суракка чакырылганы белгилүү болгон. Анткен менен УКМКнын маалыматы боюнча, «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткен.
Centerra Gold Inc. - канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.
Булак: NazarNews.kg