www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кытайга карызды төлөбөсөк алар ТЭЦке, Датка Кеминге, Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолуна өздөрү ээлик кыла башташат. Ээлик кыла башташат деген өздөрү келип өздөрү иштетип өздөрүнүн тарифтерин коет. Биздин эл алардын тарифтерин көтөрө албайт.

Тилекке каршы, келишим ушундай түзүлүп калган, Кытайдын акысы бар», - Акылбек Жапаров бул тууралу бүгүн, 29-январда Санжыра радиосунун Жаргылчак уктуруусунда билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 28-январда Садыр Жапаров өзүнүн ант берүү аземинде cүйлөп жатып, энергетика тармагындагы абал катастрофалык кырдаалга кептелип, 137 млрд сом карыз бар экенин билдирди. 

Акыркы маалыматтар боюнча (2019-жылдын май айынын аягына карата), Кытайга болгон мамлекеттик тышкы карыз 1 миллиард 711,6 миллион долларды түзгөн.

Кыргызстандын тышкы карызы дээрлик 3,8 миллиард долларга барабар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости