www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай өлкөсү кыргыздын кыргыздыгы бекем турсун деп паспортуна суратпай кыргыз деп жазып берип жатса, биз ал графаны алып койдук. Паспортубузда улутубуз жок... Мындай пикирин журналист Элнура Кулуева бүгүн, 29-январда өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Калкынын саны миллиард деген санды чапчыган Кытайдын жарандык паспортунда улутунун ким экендигин билдирген графа бар. Кытай кыргыздары бар болгону эки жүз миңге жетпеген кишиден турат. Кытай өлкөсү аларды аз экен дебей, автономияга ээ кылып, анан да паспортуна бакыйтып кыргыз деп жазып берген.

Кытай өлкөсү кыргыздын кыргыздыгы бекем турсун деп паспортуна суратпай кыргыз деп жазып берип жатса, биз ал графаны алып койдук. Паспортубузда улутубуз жок... Кечээ Садыр Жапаров паспортубузга улутук графаны кайтарабыз деп маселеге чекит койду эле. Берки жактагылар аны алып салабыз деп чамгырактап жатышат. Улуттук графаны ордуна коюп койгула... Кыргыздар....», - деп кошумчалаган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости