www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вируска каршы эмдөөдөн кезексиз өткөн жубайлар камалат

Канадада жубайлар кезексиз коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндүктөн 6 ай абакка отурушу мүмкүн. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, түгөйлөр Британия Колумбиясынан Юкон аймагына коронавируска каршы эмдөөдөн эрте өтүү үчүн учуп келишкен.

--"Род Бейкер жубайы Екатерина Бейкер Юкон аймагына Moderna вакцинасы менен эмдөө алуу үчүн атайын келишкен. Бирок алар Ванкуверде эмдөөдөн өтүшү абзел эле. Убагынан эрте эмдөөдөн өтүү үчүн жубайлар медицина кызматкерлерине айланышкан. Ошону менен аймакка келгендеги эки апталык карантин эрежелерин сакташкан эмес.

Эреже бузган түгөйлөргө айып пул салынды. Алар 4-майга чейин салынган айып пулдун суммасын төлөшү зарыл. Аларды 6 ай абакка отургузушу мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.

Род Бейкер "Great Canadian Gaming" компаниясынын аткаруучу директору кызматын аркалаган. Жакынкы аралыкта жумушунда чыккан түшүнбөстүк жагдайлардан улам ээлеген кызматынан кеткен.

Екатерина Бейкер - актриса "Женская драка" жана "Охота на Санту" тасмаларында роль жараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости