www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акча дегенде ата-тегин унутуп, чыпалагын гана салбай, колун матырып жиберчү өкмөт башчысы болгон. УКМК алыс жакынга сереп салып, элдин канын соруп, жалагандарды таап, жазалай баштады. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда мыйзамдарды бузуп, «Кумтөр Голд Компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгон. Натыйжада, кендин жалпы аймагы эки эседен ашуун көбөйүп, мөңгүлөрдү жана корукту кошкондо 26,3 миң гектар түзүп калган. Атайын кызмат белгилегендей, бул токтом кабыл алынып жаткан кезде аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болчу. Мындан тышкары, УКМК Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйтүп, аларды мыйзамдаштыруу үчүн Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө кымбат баалуу мүлк сатып алган жана элиталык көп кабат үйлөрдү куруу тармагына каржы салган, кылмыш жообуна тартылбаш үчүн бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгон деп эсептейт. Белгилей кетсек, Абылгазиев кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды, тергөө жүрүп жатат. Ал эми мурдагы өкмөт башчы өзү же анын жактоочулары азырынча бул тууралуу эч кандай комментарий берише элек.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ушул иштерден улам эки айга камалганы белгилүү болду. Мындай чечимди Биринчи Май райондун сот кабыл алды. Маалыматка ылайык, Абылгазиев УКМКнын тергөө абагында болот. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга байланыштуу шектүү катары кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда мыйзамдарды бузуп, «Кумтөр Голд Компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго мыйзамсыз кол койгон. Натыйжада кендин жалпы аймагы эки эседен ашуун көбөйүп, мөңгүлөрдү жана корукту кошкондо 26,3 миң гектарды түзүп калган.Буга каршы кыргыздын көптөгөқн саясатчылары чыккан бирок алардын сөзүн кулагына алган эмес.

Атайын кызмат белгилегендей, бул токтом кабыл алынып жаткан кезде аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болчу. Мындан тышкары, УКМК Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйтүп, аларды мыйзамдаштырыш үчүн Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө кымбат баалуу мүлк сатып алган жана тандалма көп кабат үйлөрдү куруу тармагына каржы салган, кылмыш жообуна тартылбаш үчүн бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгон деп эсептейт. Абылгазиев 26-январда кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды, тергөө жүрүп жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости