www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Словакия Республикасынын президенти Зузана Чапутова Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдирди.

«Словакия Республикасынын жарандарынын жана өзүмдүн атымдан Сизди Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Жооптуу жана маанилүү миссияңызды аткарууда Сизге чыгармачылык күч-кубат жана ийгиликтерди каалаймын.

Учурдан пайдаланып, салттуу словак-кыргыз мамилелерине мен жогору баа бергим келет. Мындан ары да биздин өлкөлөрдүн ортосундагы жигердүү кызматташтык өнүгүп жана тереңдей берет деп ишенемин.

Сиздин жооптуу ишиңизге, айрыкча глобалдык пандемияга жана уланып жаткан климаттык кризиске каршы күрөшүүдөгү оор мезгилде ийгилик, бакыт жана чың ден-соолук каалаймын. Эл аралык кызматташтыгыбыз жана биримдигибиз бизге бул оор мезгилди жеңүүгө жардам берет деген ишеничтемин», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Белгилей кетсек, кечээ, 28-январда Кыргызстандын алтынчы президенти Садыр Жапаровдун инаугурациясына миңден ашык киши – мыйзам чыгаруу, сот, аткаруу бийликтеринин өкүлдөрү, экс-президенттер жана чет өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери катышты.

Эске салсак, 10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, ага 17 талапкер катышкан. Шайлоого келген элдин 79,20% Садыр Жапаровго добуш берген. Бул ирет добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости