www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тажикстан Республикасынын премьер-министринин орун басары Усмонали Усмонзода менен «Европа биримдиги – Борбордук Азия» биринчи экономикалык форумунун алкагында жолукту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик өз ара аракеттешүүсүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу жүрдү, эки республиканын гидроэнергетикалык потенциалын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө басым жасалды.

Тараптар эки эл ортосундагы ишенимди чыңдоо жана жергиликтүү тургундар арасында чыңалууну алып келүүгө багытталган ар кандай аракеттерге тыюу салуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости