www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын өкмөтү алмашканына байланыштуу жаңы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Стратегиялык келишимдин шарттарын өзгөртүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө чечим кабыл алган. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Кумтөр боюнча депутаттык комиссиянын башчысы Акылбек Жапаров билдирди.
Бүгүн, 12-майда Кумтөр алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын жыйыны өттү. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга депутаттар, тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, тоо-кен тармагы боюнча адистер менен эксперттер, Кумтөр кенин иштеткен «Центерра Голд» компаниясынын өкүлдөрү катышты.
Анын айтымында, ошол учурда Салык кызматы жана Социалдык фонддун текшерүүлөрүнөн кийин «Кумтөр Голд Компаниге» салык жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөбөгөндүгүнө байланыштуу 10,2 млрд сомдон ашык акча эсептелген.
«Бул жагдай талаш-тартыштын эмес, тескерисинче өкмөт менен «Центерранын» өкүлдөрүнүн ортосундагы соодалашуунун предмети болуп, сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтүн узартууга алып келген.
Сүйлөшүү процессинин негизги адамдары болуп «Центерранын» директорлор кеңешинин мүчөсү Аскар Өскөмбаев менен Өкмөттүн аппаратынын мурдагы жетекчиси Мукамбетов саналат. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында 2016-жылдан 2018-жылга чейинки жалпы суммасы 149 млн долларды түзгөн кошумча эсептелген салык жана камсыздандыруу төлөмдөрүн өндүрүүнүн ордуна 2019-жылы 7-августта бир тараптуу милдеттенмеге кол коюлуп, ал боюнча Социалдык өнөктөштүк фонду түзүлүп, жыл сайын Жаратылышты өнүктүрүү фондуна берилүүчү акчанын көлөмү 2,7 млн доллардан 3,7 млн долларга көбөйгөн.
Жыйынтыгында коомдук фонддорго 88,8 млн доллар алынган. 2019-жылы 7-августта кол коюлган бир тараптуу милдеттенменин кесепетинен кыргыз тараптын чыгымы 60,2 млн долларды түзгөн.
Салыктары, камсыздандыруу төлөмдөрү эсептелип, айып пулдар салынган. Бирок өкмөт бул компания менен ар кандай соодалашууга барып, дайыма биздин бюджеттин кызыкчылыгы төмөндөйт», - деди Акылбек Жапаров.
Ал 2013-жылдан 2020-жылга чейин өкмөт тарабынан кабыл алынган чечимдердин кесепетинен Кыргызстандын болжолдуу жоготуусу 438 млн сом же 37 млрд 142 млн сомду түзгөнүн айтты.
Акылбек Жапаровдун айтымында, бул акчалар сүйлөшүүлөргө катышып, өлкөнүн кызыкчылыгын эске албай, жогорудагы келишимдерге кол койгон адамдардын эсебинен калыбына келтирилиши керек.
Булак: NazarNews.kg