www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Акылбек мырза, Камчыбек Жолдошбаев “Кытайдан алынган кредитти депутаттар эле төлөп койбойлубу” деген оюн айтты го. Анын демилгесин колдоого алган депутаттар бар деп ишенсек болобу?

-Оюу жакшы. Бирок, муну турмушка ашырыш чынын менен кыйын. Анткени, 2006-2007 жылдары дүйнө жүзүндө биздей мамлекеттер өнүккөн жолго түшсө,  кредиттерин кечет деген программалар болгон. Алар биздин  энергетика тармагындагы жоготуу  42 пайызды түзөт дегенибизге ишенбесин айтып, аны 20 пайызга түшүрүп, энергетика тармагында кесипкөйлөр иштесин деген таап коюшкан. Бирок, ошол программаны турмушка ашыраарда өкмөттүк эмес уюмдар, саясатчылар, депутаттар бир бөйрөгүбүздү, бир көзүбүздү беребиз деп чыгышса, айрымдар эки үйүм бар. Бир үйүмдү сатып берем деген. Бирок,  бири да бир тыйын берген эмес. Бар болгону курулуш компаниясынын кожоюну Токтогазиев гана бир бөлмөлүү квартиранын акчасын берген. Тышкы карыз үчүн атайын эсеп ачканыбызда квартиранын акчасынан башка 300 миң сомдой  акча чогулуп, ошол акчанын  эсебинен  тышкы карызды төлөгөнбүз.

Мына ошол мисалдарды эске алсак, Кытайдан алынган  эбегейсиз чоң акчанын башкача айтканда, 500 млн долларды депутаттардын төлөө мүмкүнчүлүгү жок десем болот.

Ошон үчүн  белди бекем бууп, ТЭЦти аягына чейин оңдоп-түзөөдөн өткөрүп,  толук бүтүрүшүбүз керек. Анан шаардыктарга кайрылылып, колдонгон ысык суу, электр энергиясы жана үйдүн жылытуу акысын көбүрөөк төлө дешибиз керек. мына ошол каражаттын эсебинен да кытайдан алган карыздан кутуулсак болот. Айтайын дегеним, башка мамлекеттерде шаарда жашаган кымбат. А бизде тескерисинче жеңил. Тоолуу жана айыл жериндегилер тонналап көмүр алып,  кышында көп чыгым болушса, бишкектиктер анчалык чыгым болушпайт. Тескерисинче, шарты бар жерде жашап, аз акча төлөшөт. Бул жолду сунуштаганымдын да себеби бар. Анткени, ТЭЦти оңдоого алган каражатты Кыргызстан боюнча чачыратып жиберип, ар бирибиз төлөп жатабыз. Ошон үчүн Бишкектиктер региондорго караганда көбүрөөк төлөсөк адилеттүү болуп, карыздан кутулуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болобуз. канчалык кыйын болсо да ТЭЦти аягына чейин бүткөрүп, шаардын мэринин колуна карматып, мен айткан жолду тандасак, тышкы карыздан 20 жылда кутулуп калабыз.

-Парламент трибунасынан  ТЭЦ деп эле отура бербей аны төлөөнүн жолдорун ойлонушубуз керек дедиңиз эле. Анын жолу шаардыктарга көбүрөөк төлөтүүбү же башка да сунуштарыңыз барбы?

-Карыздан кутулуунун бир жолу  ушул. Анткени, проект өзүн акташ үчүн чоң жүктү бөлүп алыш керек. Антмейин  кыйын болуп калат. Маселен, карыздан кутулуунун дагы бир жолу бар. Аны ишке ашырыш үчүн өзүбүздүн чыгашаларды иреттешибиз керек. Биздин мамлекетте кирешеге караганда чыгаша көп. Ошон үчүн кредитерди алып, орто катмар болсо кедей, кедей болсо бечара болуп жатышат. Жашоонун жакшы жактарын көрбөй өмүр бою кыйналып  жатышат. Биз өзүбүздүн чыгашабызды азайтпасак бул кырдаалдан чыга албайбыз. 2012-жылы Бабановдун өкмөтүндө каржы министри болчумун. Бюджеттин  22 млрд дефицитин  6 млрдга кыскартканбыз. Үч жылдын ичинде 0гө чыгарабыз деген планыбыз бар болчу. Бизден кийин келген  Оторбаев менен Жантөрө Сатыбалдиев өкмөтү дагы аны ишке ашырууга аракет кылышты. Бюджеттин дефицити  2 млдр. эле болуп калды. Бирок, кийинки келген премьер-министр  Темир Аргенбаевич президенттик шайлоодо пайдасы тийет дедиби     аны 25 миң кылып койду. Муну жасалма дефицит деп койсок болот. Көп чыгашаларды жокко чыгарып койсо болот. Айтайын дегеним, Кыргызстанда президенттен кароолчуга чейин кошкондо  368 миң адам бюджеттен айлык алат.  Аларга врач, мугалим жана армиябыз да кирет. Баарынын айлыгы 55 млрд.сомду түзөт. Аларды багабыз деп биз убара тартабыз. Кээде алар бизге кызмат көрсөтмөк турсун  кордук көрсөтүшөт. Ооруканага барсак, бекер тейлешпейт. Мектепке барсаң дагы төлөтөт. Кыскасы, коммунизимден капитализмге кирбей эле орто жолдо туруп калдык. Ошондуктан, бул жерден 55 млрд. сомду кыскартуунун жолдорун карап,  368 миң киши эмес, 250 миң киши элге кызмат кыла турган кылып, иштегендердин санын азайтып, бирок  аз болсо да, айлык акылары жогору боло турган кылышыбыз керек. Антпесек, баарына  кичинеден бере берсек алар жыргабайт же биз жыргабайбыз.  55 млрд. сомдун 10 млрд.дын  тышкы карызды жойгонго жумшасак  болот.

Мындан тышкары бизде пенсия, пособие алгандардын саны абдан көп. Эми майыптарга, колунда эч нерсеси жок бечараларга, кедейлерге айла жок. Анча зарыл эместердин  пенсия пособиесин кыскартып деле салсак болот. Айтайын дегеним, 96 миң үй бүлө нан ооз тий дегенге жарабагандар. 230 миңдин тегерегинде бир баласын гана окутуп, бир баласын гана үйлөнткөнгө мүмкүнчүлүгү бар кедей үй бүлөлө. Мына ошолорго шарт түзүп берсек, жакынкы жылдары алар да орто катмар үй бүлөлөрдүн катарын толуктап калат. Айтайын дегеним, орто катмарда жашаган 800 миң жана бай жашаган 120 миң  үй бүлө да пенсия пособие алат. Пенсия,  пособиени зарыккандарга берип, байларга бердиртпөөнүн жолун таап. Букл жактан да акча үнөмдөсөк болот. Тагыраак айтканда орган кызматкерлери 40-45 жашында эле пенсияга чыгышат. Аларды эрте жарыкта эле мамлекеттин эсебинен жашатпай пенсияга кеч чыгарып, иштетип күчүн алышыбыз керек. Анткени, эми күчкө толуп, тажрыйбасын башкалар менен бөлүшө турган куракта пенсияга чыгып жатышат. Баса, жыл сайын шайлоо кылып, бат-бат конституцияны өзгөрткөнүбүздүн да бюджетке залакасы тийип жатат. Жыргатабыз деп мыйзам кабыл алып, тоолуу аймактарга жеңилдик берели деп жаштайынан пенсияга чыгарып, бюджетке гана күч келтирип жатабыз.  Мурун пенсия пособие алгандардын саны 500 миңдин тегерегинде болсо, азыр 1 млн 200 миңдин айланасында  болуп калды. Мен муну бей бечераларга жардам берип, башкаларды бюджеттен чыгарып, кескин түрдө иш аракеттерди көрө баштайлы деген максатта айтып жатам.

-Бул маселени көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу жолу менен чечсек кандай болот?

-Негизи коррупция менен күрөшөбүз деп коёбуз. Бирок көмүскө экономиканы жүргүзгөндөр бюджетке төлөшпөйт. Бул жагын да жолго салышыбыз керек. болбосо, алар бюджетке ачык төлөшпөгөнү менен милицияга, салык кызматынын кызматкерлерине жана чиновниктерге крыша болуш үчүн тымызын акча берип  турушат. Ошон үчүн алардын иши жүрүп жатат. Биз аларга суу бербей койсок, бак куругандай эле куурап калышат. Ал үчүн көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, салык төлөгөн ак экономикага айлантышыбыз керек. Болбосо аларды камчы менен чаап, күрөк сап менен кууп ак экономикага өткөрүшүбүз керек. Ушул системаны киргизип,, кирешени да көтөрсөк, тышкы карыздан да кутулсак болот.

-Мукар Чолпонбаев кыргызстандын бийлигинде отургандар кредитти аз пайызы менен эмес, берчү тараптан шапке алып, жогорулатылган пайыз менен алат деген оюн айтты. Каржы тармагын жакшы билесиз. Чындап эле кредиттер ошондой жогорулатылган пайыз менен  алынабы?

-Мукар Шалтакович мен сыйлаган инсандардын бири. Экономика, каржы жагында так маалыматы болбосо керек. Ошон үчүн ушундай оюун айтып жаткан окшойт. Чынында чоң пайыз менен алган кредит 2 пайыз  менен эң аз мөөнөт менен 20 жылга алынды.  2010-жылга чейин эл аралык  финансылык институттардан  30 же 40 жылга алчубуз. Андай институттардан алыш өтө татаал. 3-4 жыл сүйлөшүү жүргүзүп жатып, болгон кагазды сметаны даярдап жатып араң аласың. Алар бергенди эле эмес. Кайра кантип бересиңер деген талапты катуу коюшат. Экспорт, импорт банктар бүт өлкөдө жеңил берет. Ошон үчүн кытайдан алышты окшойт. Айтайын дегеним, андай кредиттер ошол өлкөнүн компаниялары аркылуу ишке ашат. Мына ошол жеңил жагын качырышканы үчүн  туура эмес болуп, пайызы башка кредиттерден жогору болуп, азыраак мөөнөткө берилди.  Мунун баары болуп калды. Эми берүүнүн жолун ойлонуштурушубуз керек. Биз мындан сабак алып, мындан ары кыска мөөнөттө кайтарчу кредиттерди албашыбыз керек.

Мен ушул кырдаалдан пайдаланып кантип упай топтойм дегенди эмес, кандай кылып кредиттен кутулсак болот деген ойду ойлоп жатам. 20 жыл деген айыл чарбасына 2 жылга кредит берип жаткандай эле болуп калат. Уй сатып алса. Эки жылда кредитти кайра төгүш үчүн уй менен  музоону кайра сатып, пайдасын көрө албай калат. Эгер беш жылга берсек, карызынан кутулуп, уйдун да пайдасын көрүп, музоосун да алып калмак. Карыз алгандан коркпой кредитти 20 эмес, 40 жылга алсак бутубуздан туруп, биз да экономикасы жогору мамлекеттердин катарына кошулуп калабыз. Болгону кредитти аз пайыз менен узак убакытка алыш керек.

Булак: "Майдан.кж"

Последние новости