www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы 10 жылда үйлөнгөндөр азайган

Кыргыз баласынын, кызынын дүйнө таанымында үй-бүлө деген сөздү укканда алгач эле ак жоолук салынган апа, калпак кийген ата, анан дагы чоң ата, чоң эне неберелери менен дасторкондо отурганы көз алдыбызга келери анык. Үй-бүлө куруу оңой болбогондой эле аны сактап калуу дагы эбегейсиз эркти, жоопкерчиликти талап кылат эмеспи.

Жыл сайын миңдеген таттуу түгөйлөр баш кошуп, ата-энесин, жакындарын кубантат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, акыркы он жыл аралыгында никеге тургандардын саны азайганы байкалат. Анда 2011-жылы 56 миң 509 түгөй баш кошсо, 2020-жылы 39 миң 747 түгөй никеге турган.

15-май - Үй-бүлөнүн эл аралык күнү

Үй-бүлөнүн эл аралык күнү Бириккен улуттар уюмунун 1993-жылкы Башкы ассамблеясында кабыл алынган. Үй-бүлө коомдун негизги элементи катары адамзат баалуулук казынасынын кызматын аткарып, маданий жана тарыхый дөөлөттү муундан-муунга мураска калтырууда алмашкыс роль ойнойт. Үй-бүлө канчалык бекем болсо, мамлекеттин да экономикалык күч-кубаты көтөрүлөт. Ошондуктан үй-бүлөнүн абалына жараша мамлекеттин өнүгүү деңгээли аныкталат.

Өлкөбүздө ар бир үй-бүлө бактылуу болуп, келечек ээлерине татыктуу тарбия беришин каалайбыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости