www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдүн Токмок шаарында эки адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Жума күнү, 14-майда, болжол менен саат 22:30дар чамасында Токмок шаарынын Ленин көчөсүнөн өтүп бара жаткан жарандарды белгисиз бирөө унаа менен сүзүп кеткен.

«Айдоочу жабырлануучуларга жардам берүүнүн ордуна окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Жолдон өтүп бараткан 20 жана 16 жаштагы тургундар ар кандай жаракат менен аймактык ооруканага жеткирилген. Ошол эле күнү изи сууй электе шектүү К.Р. аттуу айдоочу аныкталып, колго түшүрүлгөн. Ал Токмок шаарынын 34 жаштагы тургуну болуп чыкты», — деп айтылат билдирүүдө.

Окуя териштирилип жатат, ал эми автоунаа айып короого киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости