www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн суткада 40 киши коронавирус жугузуп, 42 бейтап сакайып кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

Жугузгандар:

Бишкек шаары – 21;

Чүй облусу – 5;

Ош облусу – 3;

Талас облусу – 1;

Ысык-Көл облусу – 3;

Жалал-Абад облусу – 7.

Тилекке каршы, оорудан эки киши каза болду, экөө тең Бишкек шаарынын тургундары эле. Ушуну менен вирустан көз жумгандардын саны өлкө боюнча 2 781 болду.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 184 163кө жетти. Анын ичинен 179 247 адам дартты жеңген.

Азыркы тапта өлкө боюнча 651 бейтаптын коронавирустан дарыланып жатканы айтылат. Алардын 294ү ооруканада болсо, 357 киши медициналык жардамды үйүнөн алууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости