www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балбан Акжол Махмудов Париждеги Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн күрөшөт.

Акжол Махмудов коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыкты. Анда балбан колумбиялык Алексис Муньоз менен кез келип, 9:0 эсебинде жеңди.

Акжол Махмудов 77 кг салмак ченинде чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраев менен күч сынашып, 3:1 эсебинде утулуп калган.

Ал эми 1/8 финалда америкалык Камал Амир Бэй менен кез келип, 4:1 эсебинде жеңишти камсыздаган болчу.

Эми Махмудов 3-орун үчүн беттеште азербайжандык Санан Сулейман менен кез келет. Медаль үчүн мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат.

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости