www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын уткан кыргызстандык балбан Акжол Махмудов жеңишинен кийин УТРК Спорт телеканалына маек курду.

"Сезимдер эң сонун. Чынын айтсам, Кыргызстан үчүн тарых жараткан мен үчүн чоң сыймык. Менин агайларым, ата-энем, жакындарымдын жана кыргыз элинин колдоосу менен жеңишке жетип отурам. Бүгүн, күрөшө турган Жоламан Шаршенбековдун жеңишине 100 пайыз ишенем.

Ал досумдан үлгү алам. Жоламан ушул күнгө чейин мени дүйнө чемпионатында кантип күрөшүү керектигин үйрөтүп келген. Анын алтын медаль утушуна чын жүрөктөн ишенем. Анткени Жоламан биздин командабыздын лидери", - деди Махмудов.

Эскерте кетсек, Махмудов Кыргызстандын эгемен тарыхында грек-рим күрөшүнөн дүйнө чемпиондугуна жеткен биринчи балбан болуп калды. Ал эми кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (2019, 2021) жана Мээрим Жуманазарова (2021) дүйнө чемпиону.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости