www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк күрөш уюмунун Тартип комитети ирандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Мохаммадали Гераини (67 кг) быйыл Белградда (Сербия) өткөн дүйнө чемпионатында тартип бузганы үчүн жаза берип, мелдештерден четтетти.

Сербиядагы  дүйнө чемпионатта Мохаммадали Гераи иниси Мохаммадреза Гераи (67 кг) 1/8 финалда япониялык спортчу менен күрөшүп жатканда, калыстардын ишине нааразы болуп, килемдин үстүнө бөтөлкө ыргытып жиберген. Аталган беттеште анын иниси 11:10 эсебинде жеңишке жеткен.

Натыйжада спортчу аталган жоругу үчүн Дүйнөлүк күрөш уюмунун Тартип комитети тарабынан бир жылга бардык мелдештерден четтетилди. Аны менен бирге спортчуга 1 миң швейцариялык франк жана Ирандын күрөш федерациясына 5 миң швейцариялык франк айыппул салынды.

Мохаммадали Гераинин өзү Сербиядагы дүйнө биринчилигинде 2024-жылы өтө турган Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо ала алган эмес. Эми ал бир жылга четтетилгендиктен, келерки жылы өтө турган Олимпиадага лицензия берүүчү мелдештерге катыша албайт жана Олимпиада оюндарына бара албайт.

Мохаммадали Гераи 77 кг салмакта күрөшөт. Ал кыргызстандык спортчу Акжол Махмудовдун атаандаштарынын бири болгон. Буга чейин эки спортчу 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарынын финалында беттештип, ирандык балбан 7:3 эсебинде жеңишке жеткен.

Акжол Махмудов быйыл Сербиядагы дүйнө биринчилигинде экинчи ирет дүйнө чемпиону болуп, Олимпиада оюндарына жолдомо уткан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости