www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Бишкекте 19-21-апрелде өткөн Азиялык лицензиялык мелдеште кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун Олимпиада оюндарындагы дагы эки атаандашы белгилүү болду.

Бишкектеги турнирде 21-апрелде  грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өттү. Спортчулар олимпиадалык салмактарда (60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг) күч сынашып, Олимпиадага лицензия алууга ат салышты. Ар бир салмакта финалга чыккан экиден балбан лицензиянын ээси болду.

Махмудов күрөшкөн 77 кг салмакта жолдомону казакстандык балбан Демеу Жадраев менен ирандык Амин Явар Кавианинежад алды.

Махмудов буга чейин Жадраев менен бир жолу күрөшкөн. Ал кармаш 2018-жылы Азия чемпионатынын финалында болгон. Анда Махмудов атаандашын утуп, биричи жолу Азия чемпиону атанган (72 кг).

Ал эми ирандык балбан Кавианинежад менен Акжол Махумдов 2023-жылы эки жолу финалда кез келген. Алгач эки балбан Азия чемпионатынын финалында жолугушкан. Бирок Кавианинежад жарым финалда жаракат алып, финалда күрөшө албагандыктан, жеңиш Махмудовго берилген.

Арадан бир нече ай өткөндөн кийин эки балбан Азия оюндарынын финалында күрөшкөн. Анда беттеш 1:1 эсебинде жыйынтыкталып, артыкчылык упай Махмудовдо болгондуктан, жеңиш ага ыйгарылган.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости