www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акжол Махмудов эл аралык мелдешке катышат

Балбан Акжол Махмудов Олимпиада чемпиону Валентина Олейниканын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу NazarNews.kgге спортчунун атасы Мухамед Махмудов билдирди.

акжол махмудов сурамы боюнча табылган сүрөттөр

Маалыматка ылайык, мелдеш 14-февралдан 16-февралга чейин Россиянын Новокузнецк шаарында өтөт.

 Кыргызстандын атынан Акжол Махмудовдон башка таймашка Балбай Дордоков, Калы Сулайманов, Рустам Тейишов, Халмурат Ибрагимов, Эрбол Бакиров, Кайрат Түгөлбаев, Атабек Азисбеков, Үзүр Жусупбеков жана Мурат Рамоновдор катышаарын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Эске сала кетсек, Акжол Махмудов бир жыл мурун грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатын 77 кг салмак категориясында утуп алган. Ал 2019-февралда сол тизесинен жаракат алгандыгына байланыштуу 11 айдан бери калыбына келтирүү этабынан өтүп келатат. Махмудов 2018-жылы Азия чемпиону болгондон кийин, 2020 Олимп оюндарына лицензия алууга өтө жакын болгон. Алдыда балбан Олимпиадага лицензия берүүчү турнирге катышар-катышпасы белгисиз экендиги айтылган эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости