www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мунарбек Сейитбек уулу Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында финалга чыкты. Ал бокс боюнча мелдештерге 57 килограммга чейинки салмак ченинде катышууда.

Спортчулар Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбеков аренада жарым финалдык беттеште Мунарбекти колдоп турушту.

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу беттешин 1/8 финалдан баштап, кубалык Сайдель Хорта менен дүйнө чемпиону АКШлык Жамал Харвейди жеңип алган. Жарым финалда ал болгариялык Хавьер Ибанес Диасты утуп алды.

11-августтагы Олимпиада оюндарынын финалында Сейитбек уулу Азия жана дүйнө чемпиону өзбекстандык Абдумалик Холоков менен беттешет.

Последние новости