www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала-Арча суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өткөрүлүп, 6 протокол түзүлдү.

Рейд Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан Чүй облусунун милициясынын кайгуул-күзөт кызматкерлеринин катышуусунда уюштурулган.

Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоо фактылары аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин талаптарына ылайык тиешелүү протоколдор түзүлгөн.

Мындан тышкары, эс алуучуларга жана балыкчыларга айлана-чөйрөнү таза сактоо, таштандыларды атайын белгиленген жерлерге таштоо жана жаратылыш ресурстарына аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Суу сактагычтын аймагында тазалыкты камсыз кылуу үчүн тазалоо иштери да уюштурулду.

Последние новости