www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ала-Бука – Кербен унаа жолунун 23,8-чакырымында жайгашкан көпүрөнүн эки жагын суу алып кеткендиктен, жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Учурда аталган тилкеде абал кооптуу болгондуктан, көпүрө аркылуу жеңил унаалар гана өткөрүлүүдө. Жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.
Жеринде министрликке тийиштүү жол тейлөө ишканасынын адистери жана атайын техникалар иш алып барууда. Көпүрөнүн четтерин бекемдөө жана кесепеттерди жоюу боюнча тийиштүү чаралар көрүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет.