www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара деңизде “Опекс-26” аттуу эл аралык аскердик машыгуулар өтүп жатат. Ага НАТОго мүчө алты өлкөнүн аскер-деңиз күчтөрүнүн өкүлдөрү катышууда. Машыгууларда автономдуу деңиз дрондору колдонулууда.
Румыниянын Аскер-деңиз күчтөрүнүн штабы тараткан маалыматка ылайык, деңиздеги учкучсуз аппараттарды сыноого багытталган эл аралык машыгуулар 18-майдан 29-майга чейин Мангалия аскердик портунда жана Кара деңиздин айрым аймактарында өтөт.
Машыгууларга Болгария, Канада, Португалия, Румыния, АКШ жана Түркия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле деңиз дрондорун чыгарган жарандык компаниялар катышууда.