www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэриясы электросамокаттардын жана башка жеке мобилдүүлүк каражаттарынын ылдамдыгын азайтуу боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Долбоорго ылайык, бул каражаттардын уруксат берилген эң жогорку ылдамдыгын саатына 25 чакырымдан 15 чакырымга чейин төмөндөтүү каралууда.
Чектөө киргизүү кырсыктардын катталышына байланыштуу сунушталууда. Тротуарларда, сейил бактарда жана коомдук жайларда жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү учурлары катталган.
Белгиленгендей, саатына 25 чакырым ылдамдыкта башкарууну жоготуу жана кагылышуу кесепеттеринин тобокелдиги жогору. Кырсыктарга шаардагы самокаттардын коопсуз кыймылы үчүн атайын бөлүнгөн жолдордун жетишсиздиги дагы себеп болууда.
Долбоордо прокат компанияларынын (операторлордун) жоопкерчилигин күчөтүү сунушталган. Эгерде алар орнотулган ылдамдык чектегичтерин өчүрүп же айланып өтсө, жазага тартылат. Мыйзам бузуулар кайталанса, мэрия ал компаниялар менен келишимди токтотот.
"Ылдамдыкты саатына 15 чакырымга чейин чектөө жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында дүйнөнүн көптөгөн алдыңкы шаарларында ийгиликтүү колдонулуп келет", - деп айтылат маалыматта.