www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда “Розыск” операциясы учурунда алтын карактоого айыпталып издөөдө жүргөн кылмышкер кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 8-ноябрына караган түнү болжол менен саат 02:30 чамасында бет кап, кол каптарды кийишкен, алдын ала даярдалган таяктарды, белгисиз үлгүдөгү ок атуучу тапанча алган топ Ала-Бука районунда жайгашкан кен казуучу ишканалардын бирине бастырып киришкен. Алар кендин кароолчулары менен жумушчуларын сабашып, алардын бирөөсүнө карай ок чыгарышып, денесине залал келтиришкен. Кен казган ишкананын бөлмөсүндөгү темир сейфтин ичинде сакталып турган салмагы 1 кг 833 гр алтын металын ачык түрдө тартып алышып, короодо токтоп турган “Митсубиши Делика” үлгүсүндөгү автоунаанын дөңгөлөктөрүн бычак менен жарышып, фараларын талкалашып, жанында токтоп турган “Тойота Ленд Крузер Прадо” үлгүсүндөгү автоунаасын айдап, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен.

Кылмыштуу топ кен казган ишканага жалпы суммасы 10 млн сомдон ашуун материалдык зыян келтиришкен.

Бул факты Ала-Бука РИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

2022-жылдын 27-январь күнү бул кылмыш ишине шектелип, милиция тарабынан Ала-Бука районунун 30, 27 жана 26 жаштагы 3 тургуну кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

2022-жылдын 16-март күнү Жалал-Абад областынын аймагында “Розыск” операциясы өткөрүлгөн. Операция учурунда Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш ишине айыпталган, кылмыштуу топтун шериктеринин бири, издөөдө жүргөн Ала-Бука районунун 1994-ж.т. тургуну Ж.Б. жашынып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости