www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала-Тоо аянтында жайкы музыкалык кечелер башталат

Бишкектеги Ала-Тоо аянты кайрадан маданий иш-чаралардын борборуна айланат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын тургундары жана коноктору жайкы музыкалык кечелердин алкагында ачык асман алдында өтө турган концерттерге күбө боло алышат.

19-июнда сахнага «Кыргыз Руху» эстрадалык-фольклордук ансамбли чыгып, кыргыз элинин бай музыкалык мурасына негизделген концерттик программасын тартуулайт.

20-июнда чыгармачылык кечени «Доор» фольклордук ансамбли жана «Сувенир» орус ыр-бий ансамбли улантат. Концерттин программасына элдик ырлар, вокалдык чыгармалар жана ар түрдүү улуттардын маданий мурасын чагылдырган бий номерлери киргизилген.

Музыкалык кечелер ар жума жана ишемби күндөрү саат 19:00дө Ала-Тоо аянтында өтүп турат. Уюштуруучулар шаар тургундарын жана меймандарды жандуу музыкадан ырахат алып, үй-бүлөсү жана достору менен жагымдуу эс алууга чакырышат.

Последние новости