www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мурдагы президенти Жо Байдендин уулу Хантер Байден Түштүк Калифорниядагы баңгизатка көз карандыларды реабилитациялоо борборуна жумушка кабыл алынды.

Бул тууралуу Newsmax телеканалы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Хантер Байден борбордо кеңешчи болуп иштейт. Ошондой эле ал реабилитациялык борбордун алдындагы кайрымдуулук фондунун аткаруучу директору кызматын да аркалайт.

Белгилей кетсек, Хантер Байден буга чейин X социалдык тармагында жарыялаган билдирүүсүндө акыркы 7 жылдан бери баңгизат колдонбогонун билдирген.

Мындан тышкары, The New York Post басылмасы мурдараак Хантер Байден чоң карыздарынан улам Калифорнияда жашырынып жүргөнүн жазган.

Басылманын маалыматына караганда, ал Вашингтондогу адвокаттар тобуна болжол менен 17 миллион доллар, ишкер жана мурдагы өнөктөшү Кевин Морриске 5 миллион доллар, ошондой эле аты аталбаган искусство чыгармаларын сатуучуга 1 миллион доллардан ашык карыз.

Ошентип, Хантер Байден жаңы кызматка дайындалганына карабастан, анын каржылык көйгөйлөрү америкалык маалымат каражаттарынын көңүл чордонунда калууда.

Последние новости