www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасы мамлекеттик маанидеги долбоор – «Ала-Тоо Резорт» төрт мезгилге ылайыкталган тоо-лыжа кластеринин расмий логотибин иштеп чыгуу боюнча ачык сынак жарыялайт.
Сынактын максаты – Кыргызстандын табигый жана маданий байлыгын, тоо чокусунун рухун, Ысык-Көлдүн тазалыгын, туруктуу туризм концепциясын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук символу – ак илбирсти чагылдырган заманбап, көркөм жана эсте кала турган визуалдык символ түзүү.
Конкурска дизайнерлер, сүрөтчүлөр, архитекторлор, студенттер, профессионалдуу дизайн студиялары жана Кыргыз Республикасынын чыгармачыл бирикмелери катыша алат.
Эң мыкты иш мамлекеттик маанидеги «Ала-Тоо Резорт» төрт мезгилге ылайыкталган тоо-лыжа кластеринин расмий логотиби болуп саналат жана бренддин бардык визуалдык коммуникация формаларында колдонулат. Жеңүүчүгө акчалай сыйлык жана символдун автору катары расмий таануу берилет. Ошондой эле жеңүүчү менен фирмалык брендбук жана бренд айдентикасын иштеп чыгуу боюнча келишим түзүлүшү мүмкүн.
Жеңген логотиптин дизайны сынак уюштуруучуларынын менчигинде болот. Дизайнга уюштуруучулар тараптан айрым өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
Жеңүүчүгө 50 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык каралган.
Өтүнмөлөрдү кабыл алуу 2025-жылдын 3-ноябрынан 17-ноябрга чейин жүргүзүлөт. Төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү 55А, же электрондук почта: [email protected] («Сынакка» деп белгилөө менен).
«Ала-Тоо курорту» бардык мезгилдерге ылайыктуу тоо-лыжа кластеринин расмий логотибин иштеп чыгуу боюнча ачык сынактын бекитилген жобосу жана техникалык мүнөздөмөлөрү менен компаниянын расмий сайтынан таанышып жана жүктөп алууга болот: www.alatooresort.kg
: