www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алай-Кууда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

1-июлда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алай-Куу айыл аймагынын Терек жана Коо-Чаты айылдарында сел жүрүп, турак үйлөрдү, короо-жайларды жана чарбалык курулуштарды суу каптады.

Селден улам ДЭП-26 мекемесине караштуу Терек айылына баруучу унаа жолу убактылуу жабылган.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 2-июль күнү саат 04:30да жол бир тараптуу ачылып, унаа кыймылы калыбына келтирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин координациялоо үчүн ыкчам штаб түзүлүп, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Кесепеттерди жоюу иштерине ӨКМдүн 50 кызматкери, атайын техникалар, ДЭП-26нын жол техникалары, Алай-Куу айыл аймагынын техникалары, ошондой эле Жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү тургундар тартылган.

Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

ӨКМ кошумча маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Последние новости