www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, Алай районунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал аныкталып, алынды.
Маалыматка ылайык, Алай РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн «Арсенал» рейддик иш-чарасынын жүрүшүндө 38 жаштагы К.К. аттуу жарандан тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок «ТОЗ-11» үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал табылган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси («Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») менен катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.
Учурда алынган ок атуучу куралга тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда.
Ош ОИИБ жарандарды мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен ички иштер органдарына тапшырууга чакырып, мындай учурда жарандар мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын эскертти.