www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Алай районунда жаш келин көз жаргандан кийин каза болгону тууралуу маалымат жарыяланган.
Анда Будалык айыл өкмөтүнүн 2000-жылы туулган тургуну Ош шаарындагфы төрөт үйлөрүнүн биринде көз жарганы жана ал төрөтканадан үйүнө чыгып баргандан кийин каза болгону айтылган.
Бул окуя боюнча Ош ШИИББинен төмөнкүчө маалымат беришти:
“06.08.2000-жылы туулган Жанболот кызы Арууке. Ал Ош облусунун Алай районуна караштуу Будалык айылынын тургуну. 23-июлда биринчи баласын төрөгөндөн кийин 29-июлда саат 5:30 чамасында өзүн жоготуп, бейтаптын абалы оорлошуп жандандыруу бөлүмүнө алып кирген учурда кан басымы төмөндөп, ошол жерден жан берген”,-деп билдиришти ведомстводон.
Маалым болгондой, окуя боюнча ата-энеси жана жолдошу, ошондой эле жакын туугандары эч кимге эч кандай арыз доосу жок экенин жана соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан.
Аталган факт боюнча жеринде тийиштүү АКТ түзүлгөн. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg