www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамптын бала чагы өткөн Нью-Йорк шаарындагы үй кайрадан аукционго коюлду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

1940-жылы курулган үй азыркы АКШ президентинин атасы Фред Трампка таандык болгон. Бул үйдө алар келечектеги президент төрт жашка чыкканга чейин жашап, кийин башка үйгө көчүп кетишкен.

Үйдүн кожоюндары Куинс районундагы эки кабаттуу кыштан курулган үйдү 2,9 миллион долларга сатууга ниеттенип жатышат. Маалыматтарга караганда, аукцион 14-ноябрга чейин уланат. Ага алдын ала катталган жана салык төлөгөн сатып алуучулар катыша алышат.

Белгилей кетсек, бул үй 2016-жылы Трамп шайлоодо жеңип алгандан кийин 1,25 миллион долларга сатылган. 2017-жылы да кайрадан аукционго коюлуп, анда атын жашыруун калтыргысы келген адам 2,14 миллион долларга сатып алган.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости