www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 27-март күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Васильевка айылынын 1987-жылы туулган тургуну М.З. арыз менен кайрылган. Ал өз арызында ошол эле күнү Аламүдүн районунун Васильевка айылында белгисиз себептерден улам ошол эле айылдын тургундары Б.М.Э. аттуу жарандар, арыздануучуну жана анын эки баласын ур-токмокко алганын, арыз ээсине таандык «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү автоунаанын терезелерин жана кузовун таш менен уруп талкалаганын, окуя болгон жерден из жашырып кетишкенин билдирген.

Аталган факт каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгына ылайык арыз ээси жана анын эки баласы жеңил жаракат алганы аныкталган.

Ошондой эле текшерүүдө арыз ээсинин автоунаасына 154 600 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгени такталган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында 1996-жылы туулган Д.Б., 1985-жылы туулган Р.Э. жана 1988-жылы туулган Р.М. шектүү катары кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Последние новости