www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 19-декабрында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери Аламүдүн районунун айыл аймактарында жаңы жылдык майрамдардын алдында жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу максатында жолугушууларды өткөрүштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө жаш өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын, мектеп рэкетчилигинин алдын алуу боюнча, ошондой эле жаңы жылдык пиротехникалык буюмдарды (жарылуучу заттарды) колдонуу эрежелери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары ата-энелерге балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы эскертилди.
Ошондой эле кызматкерлер тарабынан жаңы жылдык отуруштарды жана көңүл ачуучу кечелерди уюштурууга жол берилбестиги тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.
Иш-чаранын соңунда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары менен тааныштыруу жүргүзүлүп, айрым окуучуларга эскертүүлөр берилди. Бул багыттагы иш-чаралар облустун бардык аймактарында улантылууда.