www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн РИИБде 30дай кылмыш иши жоголгонбу?

«Фейсбук» социалдык тармагында Мурат Божокоев аттуу колдонуучу өзүнүн баракчасына «Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө оңдоо иштеринин жүрүшүндө 30дай кылмыш иши жоголгон» деген маалыматты жарыялаган. Бул боюнча Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы комментарий берди.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин буйруктарынын талаптарына ылайык, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн архивинде сакталган кылмыш иштери боюнча жыл сайын инвентаризация жүргүзүлөт.

2026-жылдагы инвентаризациянын жыйынтыгы менен архивде сакталган бардык кылмыш иштери толук көлөмдө бар экендиги аныкталган.

"Ушуга байланыштуу, Мурат Божокоев тарабынан таратылган маалымат чындыкка дал келбейт.

Жарандарды такталбаган жана жалган маалыматтарды таратпоого, ошондой эле маалыматтарды расмий булактардан алууга чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Последние новости